ЖЫЛДЫЗЫ КАРШЫ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Бири-бирине абдан өч, бири-бири менен келише албаган, ынтымагы жок. Чотондун ашкере бой көтөрө эрес талашкансыган кейпи, Алымбек даткага жакчу эмес, жылдызы каршы сыяктуу киши болучу (Касымбеков). Турмушта кээде бир эле көрушкөн кишилердин жылдыздары каршы болуп, алар сүйлөшпөй, сырдашпай туруп эле эмнегедир бирин-бири жактырбай калышат (Акматов). Экөөнун жылдызы те небактан эле каршы (Исмаилов).